• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Финполду жоюу тууралуу ликвидациялык комиссия түзүлдү

9 Жалган куран 2021 16:17 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматын (финансы полициясы) жоюу тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимине ылайык ликвидациялык комиссия түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн сайтында жазылат.

Ликвидация боюнча комиссияга: ЭККМК кызматкерлерин бошотуу жана бошонуу жөлөкпулун, ошондой эле башка кошулуучу төлөмдөрдү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөө; кредиторлор менен эсептешүү жана ведомствонун дебитордук карызын төлөтүү ; мүлкүн каттоо жүргүзүү; Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын ликвидациялык балансын даярдоо жана аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүгө жөнөтүү; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (финансы полициясы) бошотулган кызматкерлерин окутуу, кайра даярдоо боюнча сунуштарды киргизүү; ЭККМК өндүрүшүндөгү кылмыш иштерин жана материалдарды белгиленген тартипте тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүп берүү тапшырылды.

Количество просмотров: 138