Өлкө аймагына мыйзамсыз Volvo үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын мыйзамсыз киргизилген фактысы катталды. Бул туурасында Финансы полициясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 223-беренеси менен («Экономикалык аткезчилик») Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Тийиштүү иш-чаралардын жүрүшүндө 2003-жылы чыккан Volvo үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа токтотулуп, ЖКККББнын айып короосуна киргизилген.
Кошумчалай кетсек, унаа өлкө аймагына киргизилген болуп, документтер жасалмаланган. Бирок иш жүзүндө машина болгон эмес. Кылмышты жашыруу үчүн унааны бир нече ирет Мамлекеттик каттоо кызыматынан каттоодон өткөрүшкөн.
Мамлекеттин бюджетине түшпөгөн бажы төлөмдөрү 1 миллион сомду түзгөн.
Учурда соттук иштер жүргүзүлүп жатат.
