• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Финпол: Туроператорлор тарабынан авиабилеттин баасы жасалма жол менен көтөрүлгөндүгү аныкталды

25 Үчтүн айы 2021 10:55 Бишкек Govori.TV

Туроператорлор тарабынан авиабилеттин баасы жасалма жол менен көтөрүлгөндүгү аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (Финпол) билдирет.

Маалыматка ылайык, Финансы полициясы авиабилеттердин баасынын негизсиз көтөрүлүп кетишинин фактыларын аныктоо боюнча иштерди жүргүзүп жатат.

Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө Финполдун кызматкерлери Бишкек шаарындагы авиакассалардын биринен Бишкек-Москва багыты боюнча 67 миң 800 сом суммасындагы авиабилетти текшерүүчү сатып алууну жүргүзүштү, анда учуунун наркы туроператор тарабынан жасалма жол менен көтөрүлгөндүгү аныкталды, ал жогорку суроо-талаптан пайдаланып, авиабилеттердин наркын мыйзамсыз жогорулаткан.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган, сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Азыркы убакта республика боюнча ушул сыяктуу фактыларды аныктоо иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 3408