Өкмөттүн жаңы структурасы иштелип чыгып, айрым бөлүмдөр жоюлаары тууралуу маалыматтар айтылууда. Аларга ылайык, Каржы полициясынын функциялары Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилет. Мындан тышкары Мамлекеттик каттоо кызматынын жана «Унаа» мамлекеттик ишканасынын милдеттери да укук коргоо органынын карамагына өткөрүлөт.
Эске салсак, МКК 11 жыл мурун жарандарды каттоо жана күбөлөндүрүү, ошондой эле мамлекеттик номурларды берүү тутумундагы укук коргоо тармагындагы коррупцияга бөгөт кою максатында түзүлгөн.
Бүгүн парламенттик көпчүлүктүн коалициясы Улукбек Мариповду премьер-министрдин кызмат ордуна жактырды. Министрлер кабинетинин курамын жана түзүмүн 3-февралда жалпы жыйында талкуулоо пландаштырылууда.