• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Финпол жоюлду

5 Жалган куран 2021 11:25 Бишкек Govori.TV

Өкмөттүн алдындагы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы жоюлмай болду. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Марипов кол койгон.

«Расмий маалыматтарга ылайык, көмүскө экономиканын деңгээли 130 миллиард сом же ИДПнын 23,6 пайызын түзөт. Ал эми көз карандысыз эксперттер аталган көрсөткүч 24-43 пайыз экенин айтышууда. Бул Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын иши максатка ылайык жүргүзүлбөй жатканынан кабар берет

Мындан тышкары, көз карандысыз эксперттерден жана бизнес коомчулугунун өкүлдөрүнөн Мамлекеттик кызматтын экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына карата терс пикирлер айтылып, жана бул орган коррупциялашканы айтылган, ошондой эле анын ишкердикке мыйзамсыз кийлигишүүсү жагынан нааразычылыктар келип түшүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 213