• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ЖК төрагасы: «Тендердин «Т» тамгасы да калбашы керек»

14 Үчтүн айы 202611:51 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу мектеп, бала бакча, жол жана башка социалдык мүнөздөгү имараттардын курулуш иштерине тоскоолдуктарды жараткан тендерди жоюу зарылдыгын айтты.

Ал негизги көйгөйлөрдүн бири катары учурда бардык курулуштар тендерге байланышкан дейт.

“Элдин баары ушул тендерден абдан тажады. Анткени, тендерди кайра – кайра өткөрүп жатып, эки-үч айга чейин убакыт созулуп, курулуш иштери башталбай жатат. Андыктан, президентибиз тарабынан маселе коюлган, кечээ да президент менен сүйлөштүм. Тендер боюнча мыйзамды тез арада карап, таптакыр тендер деген сөздү алып салышыбыз керек”,- деди төрага.

Ал ошондой эле министрлер кабинетине тез арада кечиктирилбестен тендерди жоюу боюнча тапшырма берилгенин маалымдады.

Количество просмотров: 181