• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Финполдун өкүлүнө мыйзамсыз баюу фактысы боюнча териштирүү баштады

12 Үчтүн айы 2021 18:07 Бишкек Govori.TV

УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы тарабынан Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Ички иликтөө жана коопсуздук башкармалыгынын башчысы Т.А.Р карата мыйзамсыз материалдык баюу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүк иш жүрүп жатат.

Маалыматка ылайык, 2014-2020-жылдар аралыгында Т.А.Р көптөгөн кыймылсыз мүлккө ээ болгон, жана алар анын жакын туугандарына көмүскө түрдө катталган.

Учурда Т.А.Р тарабынан мыйзамсыз материалдык баюу жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу фактысын аныктоо боюнча иштер жүрүп жатат.

Количество просмотров: 192