Мамлекеттик экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын мурунку башчысы Бакир Таиров кармалды. Бул тууралуу Kaktus.media күч органдарындагы булагына таянып жазды.
Маалыматка ылайык, учурда анын үйү тинтүүгө алынууда.
Ошол эле учурда Таиров кайсы иш боюнча камакка алынганы азырынча белгисиз.
Кошумчалангандай учурда Таиров УКМКнын тергөө бөлүмүндө. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилиши мүмкүн.