• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Финполиция Жумалиевдин мүлктөрүн текшерип баштайт

12 Бугу 2020 19:56 Бишкек Govori.TV

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин мүлкүнө карата сотко чейинки тергөө ишин баштады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «мыйзамсыз баюу» жана «кызмат адамынын ишкердик ишине мыйзамсыз катышуу» беренелери боюнча катталган. Анын негизинде Финполиция сотко чейинки өндүрүш ишин баштаган.

«Учурда аталган соттук териштирүүнүн алкагында депутаттын мыйзамсыз баюу фактыларын аныктоо боюнча текшерүү жүргүзүлүп жатат»,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты ИИМге арыз менен кайрылган. Ички иштер министрлиги мурдагы прокуратура кызматкери Сыймык Жапыкеевге карата сотко чейинки териштирүү башталганын кабарлаган.

Эске салсак, буга чейин экс-прокурор Сыймык Жапыкеев “Фейсбук” баракчасынан түз эфирге чыгып, Роза Аманованын жолдошу Кубанычбек Жумалиевдин көп суммадагы байлыгы бар экенин жана бүт байлыгын мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп мыйзамсыз тапканын айтып чыккан.

Количество просмотров: 1045