• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Фотофакт: Жээнбеков менен Отунбаеванын чогуу түшкөн сүрөтү кызуу талкуу жаратты

8 Баш оона 2018 16:42 Бишкек Govori.TV
Бишкек.08.08.2018.Govori.TV

Социалдык баракчаларда, бүгүн 8-августта Чолпон-Ата шаарында чет жакта миграцияда жүргөн кыргызстандыктардын башын бириктирген «Мекендештер» форумуна катышып жаткан президент Сооронбай Жээнбеков менен Роза Отунбаеванын сүрөтү кызы талкууга алынды.

Фейсбук колдонуучусу Нуразиз Шайырбек уулу төмөндөгүдөй жазган.

Экс-президент Роза Отунбаева жана Президент Сооронбай Жээнбеков «Мекендештер» форумунда.

«Өлкөсүндө туруп, элге батпаган тиги киши гитарасын колго алып «Судьбе назло» обонун созолонтуп отурса керек»,-деп пикирин жазып калтырган. 

Ал эми фейсбук колдонуучусу: Азамат Абсаттаров

«Бул башка кеп..Сонун кадрлар»,-деп оюн билдирген.

 

Белгилей кетсек, 31-август Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүндө борбордук аянтта Алмазбек Атамбаев сөз сүйлөп, майрамдык маанай тартуулагандын ордуна 2010-жылдагы Роза Отунбаева жана убактылуу бийликтин жасаган иштерине субьективдүү баа берип сынга алгандыгы баардыгыбызга маалым.  Ал эми Атамбаевдин сөзүнө нааразы болгон Отунбаева аянттан чыгып кеткен.  Ошентип ал конфликт курчуп,  Атамбаев Роза Отунбаеваны ар түрдүү иш -чараларга чакыруусун токтоткон.

 

 

 

Количество просмотров: 8