• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Фоторепортаж — Студенттердин фестивалында Айтматовдун чыгармалары 16 тилде жаңырды

22 Жетинин айы 2018 13:10 Бишкек Govori.TV

Бишкек.22.11.2018.Govori.TV

Кусеин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде «Айтматов биздин жүрөгүбуздө» аттуу студенттердин фестивалы болду. Фестивалга кыргызстандын 20 окуу жайы жана башка өлкөлөрдөн келген студенттер дагы  катышты.  Залкар жазуучунун  чыгармалары дүйнөнүн 16 тилинде жаңырып, анын эмгектеринен үзүндүлөр аткарылды. Конкурстун жыйынтыгында 8 номинация боюнча сыйлыктар таланттуу студенттерге тапшырылды.
БГУнун расмий сайты жарыялагандай бул конкурска студенттер кызуу катышып активдүүлугүн көрсөтүшкөн. Алардын 400дөн ашык чыгармачылык менен жасалган эмгектери көргөзмөгө коюлду. Сыйлыктар Кыргызтандан,Россиядан,Казакстандан, Башкариядан ж.б өлкөлөрдөн келген студенттерге ыйгарылды.
М.В.Ломоновсов атындагы Москва мамлекетик университетинин студенттери онлайн режиминде  Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүнү кыргыз тилинде окуп салып жиберишкен. Мындан сыркары студенттер эссе,дилбаян,рефераттарды дагы кыргыз тилинде жазышкан.

Эскерте кетсек,2017-жылы 21-апрелде экс-президент Алмазбек Атамбаев «Чыңгыз  Айтматовдун 90 жылдыгын майрамдоо жөнүндө» жарлыкка кол койгон.

Жарлыкка  ылайык, улуу ойчул  жазуучунун  улуттук  жана дүйнөлүк адабият, маданиятка  кошкон зор салымын эске алуу менен Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгы  2018-жылы  улуттук  жана эл аралык деңгээлде белгилөө талабы коюлган.
 Учурда Чыңгыз Айтматовдун 90-жылдыгын белгилөө кыргызстанда жана дүйнөдө кызуу жүрүүдө.

Количество просмотров: 61