• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Фоторепортаж: Масанчидеги жаңжалдан кийинки абал

10 Бирдин айы 2020 9:25 Бишкек Govori.TV

8-февралга караган түнү Казакстандын Кордай районундагы Масанчи, Сортөбе, Каракемер айылдарында башаламандык болуп, бир нече үй, имарат өрттөнгөн. Бул айылдарда казактардан тышкары дунгандар да жашайт. Мындан улам чатак этникалык мүнөздө болгону айтылууда.

Кагылышта жараат алган ондон ашуун киши — негизинен дунган улутундагы адамдар ушул эле күнү Кыргызстандын Токмок шаарындагы ооруканага жеткирилген. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча 8-9-февралда ооруканага жалпысынан 34 казакстандык кайрылып, 13ү жаткырылган.

Кордайдын бир нече айылындагы түнкү тополоңдон кийин эле жүздөгөн киши жекшембинин таңынан тарта Кыргызстанга өтө баштаган. Алардын көбү, балдар, аялдар жана кары-картаңдар болду.

Казакстандын жаңжал чыккан бул айылдары Кыргызстандын Токмок шаарына тушташ, Чу дарыясынын аркы өйүзүндө жайгашкан. Чек аранын кыргыз тарабындагы айылдарда да дунган тектүүлөр бар.

Ысык-Ата районунун Кең-Булуң айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу Чолпонкул Чоткараевдун айтымында, Кыргызстандын аймагына өткөндөрдүн саны 4 миңдей болушу мүмкүн. Алар Ысык-Ата районундагы Кең-Булуң, Ивановка, Арал айылдарындагы жакындарына, туугандарына же атайын уюштурулган үйлөргө баш калкалашкан.

Сүрөттөрдүн автору фотограф Игорь Коваленко.

Количество просмотров: 109