• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Фоторепортаж — Өзбекстандан келген актёрлор «Жамийла» спектаклин сахнага коюшту

14 Жетинин айы 2018 4:29 Бишкек Govori.TV
Бишкек.14.11.2018.Govori.TV
Өзбекстан Республикасынын мамлекеттик театры «Жамийла» спектаклин кыргыз сахнасына койду.
Бул тууралуу Маданият,маалымат жана туризм министрлиги маалымат таратты.
13- ноябрда Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз драма театрында «Чынгыз Айтматов жана театр» эл аралык театралдык фестивалынын алкагында Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик драма театрынын актерлору Ч. Айтматовдун «Жамийла» спектаклин тартуулашты.
Койгон режиссер Гафур Мардоновдун айтымында театрдын актерлору спектаклди эл алдына алып чыгуу үчүн бийик жоопкерчиликти сезип, көрүүчүлөргө чыныгы «Жамийланын», «Даниярдын» жана «Сейиттин» образдарын ачып берүүгө көп иш-аракет жасагандыгын маалымдады.
Театралдык фестиваль 2018 — жылдын 17 -ноябрына чейин уланат.
Программа боюнча 14- ноябрда саат 10:00 «Талаа» (Поле) спектакли менен Ч. Айтматов атындагы Орус драма театры, (режиссер — Евгения Акс), 11: 30да «Кыямат» спектакли менен А. Мухаметжанов атындагы Хатлон областык тажик музыкалык драма театры (режиссер Раджабзода Парвиз Бурханудин), 15:00дө «Жамийла» спектакли менен А. Молдокматованын фонду (режиссер Талант Апыев), 19:00дө «Маңкурт» спектакли менен Азербайжан Республикасынын Мамлекеттик академиялык драма театрынын (режиссер Анар Садыгов) актерлеру сахнада ойношот.
Количество просмотров: 29