• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Францияда кайрадан карантин жарыяланды

29 Тогуздун айы 2020 10:27 Бишкек Govori.TV

Франциянын президенти Эммануэль Макрон өлкөсүндө коронавирус жуктургандар кескин түрдө көбөйгөнүнө байланыштуу кайрадан жалпы улуттук карантин жарыялады. 

Маалыматка ылайык, карантин 30-октябрь күнү саат 00:00дө башталып, 1-декабрга чейин созулат.

Жаңы эрежеге ылайык, француздар үйлөрүнөн 1 чакырымдан ашпаган жерде бир саатка саякаттай алышат. Карантин учурунда кыймыл үчүн уруксаттын үч түрү киргизилген: жеке, жумушка (жумуш берүүчүдөн) жана мектепке баруу үчүн.

«Карантин учурунда мектептер, лицейлер жана бала бакчалар ачык бойдон калат. Жогорку окуу жайлары аралыктан окутууга өткөрүлөт. Ал эми ресторан, бар сыяктуу мекемелер, айрым соода жайлары жабылат»,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, акыркы суткада Францияда 36 миңден ашык жаңы учур катталган.

Количество просмотров: 31