• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Франциянын бир нече шаарында пенсия курагын көтөрүүгө каршы митинг өтүп жатат

20 Үчтүн айы 202317:19 Бишкек Govori.TV

Парижде жана Франциянын башка 200 шаарында пенсия курагын көтөрүүгө каршы массалык митингдер өтүп жатканын чет элдик басылмалар жазды.

Франциянын ички иштер министрлиги өлкө боюнча 1 миллион 120 миң адам нааразылык акциясына чыкканын билдирди. Парижде 80 миң демонстрант чыккан.

Буга чейин 10-январда Франциянын премьер-министри Элизабет Борн өкмөт быйыл ишке киргизүүнү пландаштырып жаткан пенсиялык реформанын долбоорун сунуштаган. Бийлик 1-сентябрдан тарта өлкөдө пенсия курагын көтөрүүнү көздөөдө.

Количество просмотров: 225