• Шаршемби 15 Бугу 2024
  • Среда 15 Май 2024

Франциянын президенти Самаркандга келди

2 Жетинин айы 2023 16:16 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 2-ноябрда Самарканд шаарында Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Өзбек президентинин басма сөз кызматы билдиргендей, сүйлөшүүлөрдүн күн тартибинде соода-экономикалык, инновациялык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну кеңейтүү маселелери бар.

Өзбекстан менен Франция лидерлери эки өлкөнүн алдыңкы компанияларынын жана банк-каржы институттарынын катышуусунда биргелешкен бизнес-форумга да катышат.

Жолугушуунун жыйынтыгында бир катар өкмөттөр жана мекемелер аралык, ошондой эле соода жана инвестициялык келишимдерге кол коюлары күтүлүүдө.

1-ноябрда Макрон Астанада Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолуккан. Казакстан президентинин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар жашыл экономикага өтүү жана климаттын өзгөрүшүн талкуулашты. Казакстанда француз мектептерин ачуу боюнча да макулдашуу жетишилди.

Макрон сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы «соода жана энергетика тармагындагы казак жана француз ишканаларынын узак мөөнөттүү кызматташуусу» жана «аэрокосостук өнөр жай» болгонун айтты.

Макрон Самаркандга 1-ноябрь күнү кечинде, Астанадагы сүйлөшүүлөр аяктагандан кийин келген. Аны аэропорттон Мирзиёев тосуп алды. Өзбек президентинин басма сөз кызматы билдиргендей, Макрон Мирзиёевдин коштоосунда Самаркандда түнкү сейилдөөгө чыкты.

Количество просмотров: 106