• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Фучик көчөсүнүн бир бөлүгү оңдолду

22 Аяк оона 202511:40 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги Фучик көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Дэн Сяопин проспектисине чейинки бөлүгүн оңдоп-түзөө иштери аяктады.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда жол кыймылы үчүн ачык. Бул тилкеге эки катмар асфальт төшөлүп, бордюрлар толугу менен жаңыланды. «Вокко» ЖЧКсы жол белгилерин орнотуп, жол белгилерин түшүргөн.

Кийинки этапта Дэн Сяопин проспектисинен Аска-Таш конушуна  чейинки бөлүгүн оңдоо пландалууда.

Эскерте кетсек, Фучик көчөсү акыркы жолу 2003-жылы оңдолгон.

Количество просмотров: 87