Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы эл аралык футбол федерациясынын кезектеги рейтингинде төрт тепкичке ылдыйлап, 210 кураманын ичинен 106-орунга жайгашты.
Рейтингдин сап башында Аргентина, Франция, Испания турат.
Курама команда дүйнө чемпианатынын тандап алуу алкагында Өзбекстанга 2:3, Иранга 1:0 эсебинде жеңилген.
Эми улуттук курама команда 10-октябрда Катарда, 15-октябрда Бишкекте Түндүк Корея менен, 14-ноябрда Бириккен Араб Эмиратында, 19-ноябрда Бишкекте Иран менен ойнойт.
Андан кийинки оюндар 2025-жылдын март айынан баштап уланат.