• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Футбол боюнча улуттук кураманын башкы машыктыруучусу алмашабы?

19 Бирдин айы 202413:23 Бишкек Govori.TV

Машыктыруучуларды тез-тезден алмаштыра бербей тескерисинче шарт түзүп берүү керек. Мындай пикирин бүгүн, 19-февралда Кыргыз футбол союзунун президенттигине шайланган Камчыбек Ташиев билдирди.

«Алдыда негизги беттештер турат. Алты айдын ичинде төрт оюн булуш керек. Тез-тезден машыктыруучу алмаштырбай шарт түзүү менен машыктыруучуларга татыктуу футболчуларды даярдап беришибиз керек»,-деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын футбол боюнча курама командасына машыктыруучу болуп словакиялык Штефан Таркович 2023-жылдын апрель айында дайындалган.

Количество просмотров: 279