• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Футбол федерациясы Александр Крестинин менен жаңы келишимге кол койду

11 Бирдин айы 2019 9:14 Бишкек Govori.TV

Бишкек.11.02.2019.Govori.TV.

Кыргызстандын Футбол федерациясы футбол боюнча улуттук курама команданын машыктыруучусу Александр Крестинин менен жаңы келишимге кол койду.

«4+1» системадагы жаңы келишимге жаңы шайланган федерациянын президенти Канатбек Маматов кол койду. Ага ылайык Александр Крестинин Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасын төрт жыл машыктырып, кийин келишимди узартуу жөнүндө маселе эки тараптуу макулдашуунун негизинде чечилет.

Александр Крестинин улуттук кураманы 2023-жылы өтө турган Азия кубогуна жана Дүйнө чемпионатынын тандоо айлампасынын оюндарына даярдайт.

Количество просмотров: 14