Бишкек.09.02.2019.Govori.TV.
Бүгүн Кыргызстандын футбол федерациясынын делегаттарынын конференциясы болуп өттү. Анда делегаттар азыркы президент Семетей Султановдун кызматтан кетүү тууралуу арызын канааттандырып, жаңы президентти шайлады. Федерацияны эми Канатбек Маматов жетектейт. Бул тууралуу маалымат федерациянын расмий сайтына жарыяланды.
Федерациянын жобосуна ылайык президент бул кызматка төрт жылга шайланат.
Федерациянын мурдагы президенти Семетей Султанов бул кызматтан өз каалоосу менен кетерин 7-январда жарыялаган. Ал бул кызматка 2016-жылдын 27-ноябрында экинчи жолу шайланган.