• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Футбол федерациясынын президенти качан шайланары белгилүү болду

26 Үчтүн айы 201916:09 Бишкек Govori.TV

Бишкек.26.01.2019.Govori.TV.

9-февраль күнү Бишкекте Футбол федерациясынын президенти шайлана турганын Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган жайдан билдиришти.

Федерациянын учурдагы жетекчиси Семетей Султанов 10-январь күнү кызматтан кетүү ниетин жар салган. 

Уюмдун маалымат кызматынын билдиргенине караганда Султанов 9-февралга чейин федерацияны башкара бермекчи. Бул күнү борбор калаада уюмдун конференциясы өтүп, ага аймактагы өкүлдөр катышат. Иш-чарада президенттикке талапкерлер аныкталып, алар өз программаларын сунуштап, андан соң шайлоо процедурасы өтөт.

Султанов эмне себептен отставкага кеткени белгисиз. Ага чейин Азия футбол конфедерациясынын вице-президенттигине талапкер болуп жатканы айтылган. Шайлоо апрелде өтөрү белгилүү.

Семетей Султанов Баңгизатты көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын мурдагы жетекчиси Алымбай Султановдун уулу жана экс-президент Алмазбек Атамбаевдин күйөө баласы экени маалым.

Количество просмотров: 12