• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Футбол федерациясы деген аталыш жоюлуп, Кыргыз футбол бирикмеси түзүлдү

13 Бирдин айы 2020 17:59 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясы деген аталыш жоюлуп, Кыргыз футбол бирикмеси түзүлдү. Бул тууралуу Футбол союзунун басма сөз кызматы билдирди.

“Футбол федерациясы” коомдук бирикмеси 2020-жылдын 1-январынан тарта жаңы юридикалык жак – “Кыргыз футбол союзу” юридикалык жактардын бирикмесине өткөндүгүн билдирет. Мындай чечим “Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынын” 2019-жылдын 14-ноябрында өткөн кезексиз конференциясында 39 делегаттын макулдугу менен кабыл алынган,-деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле мындай өзгөрүү ишмердикти Эл аралык футбол федерациясынын талаптарына ылайык келтирүү максатын көздөй туганы айтылды.

Количество просмотров: 56