Улуттук курама команданын оюнчусу Валерий Кичин курамага кошулду. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу кабарлады.
Маалым болгондой, 16-июнда Кыргызстандын футбол курамасы Иран менен кез келет.
Буга чейин Алимардон Шукуровдун Бишкекке учуп келе жатканы маалымдалган.
10-июнда Кыргызстандын курама командасы 1:0 эсебинде Ооганстандын курамасын утуп алган.
Белгилей кетсек, футбол мелдеши Борбор Азия футбол ассоциациясынын Улуттар Кубогунун тайпалык раундунун алкагында өтүп жатат.