• Жума 5 Кулжа 2026
  • Пятница 5 Июнь 2026

Футбол курама командасынын капитаны Азамат Байматов Индонезиянын клубуна өттү

7 Үчтүн айы 201812:53 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 07.01.2018. Govori.TV.

Футбол боюнча КРдин курама командасынын капитаны Азамат Байматов индонезиялык «Борнео» клубу менен келишим түздү. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерациядан кабарлашты.

Былтыр Байматов Омандын «Сохар» клубунун атынан ойногон.

«Улуттук курама команданын капитаны Азамат Байматов 6-январда индонезиялык «Борнео» клубу менен убактылуу келишим түздү», — деп айтылат маалыматта.

Байматов «7» номери менен мөрөй талашат.

Количество просмотров: 20