Кыргызстан менен Палестинанын футбол беттеши башталар алдында Палестина курама командасынын машыктыруучуларынын бири эсин жоготуп кулап түштү. Ага жардам берүү үчүн тез жардам кызматы чакырылган.
Учурда анын саламаттыгы дарыгерлердин көзөмөлүндө экени айтылды.
Эске салсак, бүгүн, 2-сентябрда Бишкекте Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Үч улуттун кубогу мелдешинин алкагында Палестина менен беттешүүдө.