Франциянын улуттук курама командасынын жана «Реал Мадриддин» чабуулчусу Килиан Мбаппе Стокгольмдун борборундагы мейманканада бир аялды зордуктаган деп айыпталууда. Бул тууралуу TV4 Nyheterna маалымат сайты жазган.
Буга чейин арыз жазган аял дарыгерлерге кайрылып, франциялык футболчуну айыптаган.
“Реал Мадриддин” оюнчусу өткөн аптада Швецияга кыска сапар менен барып, жума күнү түштөн кийин жеке учак менен өлкөдөн чыгып кеткен. Ишемби күнү аял ооруканага кайрылып, Мбаппе тарабынан сексуалдык зомбулукка кабылганын билдирген.
“Реалдын» чабуулчусу Килиан Мбаппе өзүнө карата жалаа үчүн арыз жаза турганын анын жактоочусу Алис Каню-Бернард билдирди.