• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Футболдук турнир, жаңы тик учак… Президент Жапаровдун кезектеги маеги

15 Бештин айы 2022 10:06 Бишкек Govori.TV

Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда футзал боюнча “Мурас” достук турнири башталды. Иш-чарада мамлекеттик органдардын, парламенттин, сот, укук коргоо органдарынын, элчиликтердин, массалык маалымат каражаттарынын, бизнестин, маданияттын, спорттун, дин кызматкерлеринин жана башка тармактардын өкүлдөрү кирген 16 команда ат салышууда.

Бүгүн тайпалык оюндар өтүүдө, эртең чейрек финал, жарым финал жана финалдык беттештер орун алат.

«Кабар» агенттиги оюндардын ортосундагы тыныгуудан пайдаланып, президент Садыр Жапаровдон айрым суроолорго жооп алууга үлгүрдү.

— Урматтуу Садыр Нургожоевич саламатсызбы?

— Саламатчылык.

— Сиз демилге кылып баштаган футзал боюнча “Мурас” турнири үчүнчү жолу ийгиликтүү өтүүдө. Турнир кандайча уюштурулуп калды эле, тарыхы жана маанисин айтып бересеңиз.

— Былтыр биз кыргыз футболунун 100 жылдыгын белгилегенбиз. Ошого карата футзал боюнча турнир өткөрөлү деген ой менен турнир уюштуруп өткөрдүк эле.

Ошол күнү спортчулар, футболчулар “ушул турнирди үзбөй, мындан ары салтка айлантып, улап кетпейлиби” деген сунуш берип, суранып калышты. Кыргыз спортунун күйөрмандарынын сунушуна макул болуп, жыл соңунда бир жолу өткөрүп туралы десем, жылына эки ирет өткөрүүнү суранышкандар болушту. Ошентип, ага да макул деп, жайында, анан кышында кылып, жылына эки жолу өткөрүп туралы деп чечкенбиз. Спорттун эч кимге: карысынабы же жашынабы, пайдасынан башка зыяны жок да. Мына ошентип кыргыз футболун улай ушул “Мурас” деп аталган турнир жаралып калды. Эмне үчүн атын Мурас деп койдум?

Быйыл жазда келечек муунга жашыл бак-дарактарыбызды мурас кылып калтырыш үчүн “Жашыл мурас” деп атап, жылда жаз-күздө 6 миллиондон кем эмес жаңы көчөттөрдү олтургузуп туралы деп иш баштагам, аны жакшы билесиздер. Мына ушул иш-чарага окшош, максатташ болсун деп бул турнирдин атын дагы Мурас деп койдук. Келечек муун кыргыз футболун мурас кылып улап кетсин деп жакшыга жоруп, тилек кылдык.

Ал эми максатын айта турган болсом, азыр өзүңүздөр көрүп-билип тургандай, жаштарыбыз спортко маани бербей, интернетке өтүп кетишти. Эртеден кечке компьютер ойношот. Кыймыл жоктугунан улам, көпчүлүк жаштардын ден соолуктары начарлап кетти. Аз кандуулук оорусу менен ооругандар көбөйдү. Ошондуктан, жаш-кары дебей, элдин баарын спортко үндөө үчүн пропаганда кылып, кеңири жайылталы деген максатыбыз болду.

“Дени сак улут — дени сак өлкө” деп келебиз. 70-80ге чыккан ата-энелерибиз эртели-кеч парк аралап басып, анча-мынча көнүгүүлөрдү жасап дене-боюн жазып жүрүшсө кана? Кана эми, жаштарыбыз спорт залдарга батпай кезек күтүп турушканы?

— Турнирди колдогондор менен катар сындагандар да болууда. Негизинен, иш күнү өтүп жатканына көңүл бурушууда…

— Иш күнү өтүп жатат деп андан трагедия жасаштын кереги жок. Ушундай биримдикти, ынтмакты бекемдеген иш-чаралар маалында облустардан келген өкүлдөр министрлер менен жолугуп, чече албай жүргөн маселелерин жакшы маанайда чечип жатышат. Мен өзүм да кабыл алып, облустардагы маселелерден кабар алып, ошол замат министрлерге тапшырмаларды берип жатам. Оюн менен эс алуунун шартында негизги маселелерди көңүл сыртында калтырган жерибиз жок. Мындан сырткары, бул турнирдин дагы бир максаты – “Аганы көрүп, ини өсөт” дегендей, биздин спорт менен машыгып чуркап жүргөнүбүздү көрүп келечек муун үлгү алат. Спортко тартылат. Мындай биримдикке чакырган, сергек жашоо образына үндөгөн иш-чараларды өткөрүү – биздин иш-милдеттерибиздин бири, керек болсо, эң маанилүүсү десем да болот.

— Жакында Өзгөчө кырдаалдар министрлигине экинчи тик учак мамлекеттик бюджеттин эсебинен сатылып алынды. Ал кандай максатта колдонулат? Баасы канча, кымбат эмеспи? Дегеле бул багытта дагы кандай иштер аткарылууда жана пландалууда?

— Бул жаңы тик учак өзгөчө кырдаалдар министрлигине сатып алынды. Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу үчүн эле эмес, мамлекетибизге кандай кырдаалдардарда керек боло турган болсо, ошондой учурларга дагы колдонулат деп турабыз. Маселен, тез жардам үчүн керек болуп калса, тез жардам катары колдонобуз. Бизде бай бизнесмендерибиз көп. Алар ижарага алып, мамлекеттин булуң-бурчуна учса болот. Чет өлкөдөн келген туристтер же өзүбүздүн жарандар деле ижарага алып, учса болот. Ошондо тик учак өзүн-өзү тез актайт.

Ушул жерде белгилей кетчү нерсе, тик учактарды мамлекет жеке жактарга ижарага берет экен деп трагедия жасаштын кажети жок. Мисалы, өткөндө бир ишкер Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тик учагын ижарага алып, Чаткалга барып келсе, “ар ким той-топурга учсун деп алдык беле, бул тик учакты?” деп сындап чыккандар болду. Бул жерде тик учакты ижарага алып, төлөгөн акчалар мамлекетке түшүп жатканын түшүнүшүбүз зарыл. Башка жеке компаниялардан жалдап, каражат жеке жактарга түшкөнчө, мамлекеттин казынасына түшкөнү жакшы эмеспи. Андыктан, биз “мамлекеттин тик учагын мамлекет эле колдонуп, башка учурда жөн эле токтоп тура бериши керек” деген ой-жүгүртүүдөн кетишибиз керек.

Бирөө-жарымды куткарыш керек болсо, куткаруу иштерине да колдонобуз. Ага да мисал, өткөндө Тажикстан менен окуя болгондо мурдагы алган тик учагыбызды колдонуп, тоо арасында адашып кеткен аскерлерибизди издеп жүрүп, куткарып алдык. Тик учак болбогондо, алар кандай күндү көрүшмөк, ким билет. Эки күн дегенде араң таптык. Тик учактын пайдасынан башка зыяны жок.

Мындан сырткары, аскерий тик учактарыбыздын баарын оңдодук. Кудай буюрса, Россиядан жаңы жылдан кийин дагы бир жаңы МИ-8 МТВ тик учагы жардам катары келет. Ушинтип, колдон келишинче эскисин жаңылап, жаңысын сатып алып жатабыз.

— Чоң рахмат Садыр Нургожоевич, биздин суроолорубузга жооп бергениңиз үчүн. Иштериңизге ийгилик!

— Чоң рахмат, сиздерге да ийгилик каалайм.

Маектешкен Медербек Шерметалиев

Количество просмотров: 288