• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Г. Анарбаев: «Банктардан кардарлардын эсептери менен уячалары тууралуу маалыматтар кызматтык колдонуу үчүн суралып жатат»

21 Бештин айы 2018 13:06 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 21.12.2018. Govori.TV


Мамлекеттик каржылык чалгындоо кызматы банктардан кардарлардын эсептери жана банк уячалары боюнча маалыматты эмнеге сурап жатканын түшүндүрдү. Мекеменин төрагасы Гуламжан Анарбаев “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйыны учурунда маалыматтар кызматтык колдонуу үчүн суралып жаткандыгын айтты.


“Бул маалымат кантип жалпыга маалымдоо каражаттарына тарап кеткенин иликтеп жатабыз. Учурда бул иш менен укук коргоо органдары алектенип жатат”, — деди Анарбаев.
Аталган мекеменин жетекчисинин айтымында Каржылык чалгындоо кызматынын сурамдары тууралуу маалымат жалпыга маалымдоо каражаттарында бурмаланып кеткен.


“Биздин кат жарыялангандан кийин, анын маңызы бурмаланып калган. Аларда айтылган ойлор коомчулукту адаштырды. Биз тактап коелу, сурам бирөөнүн укугун бузуу үчүн эмес, справкалык маалымат үчүн жөнөтүлгөн. Биз акча же уячаларда сакталган буюмдар тууралуу маалымат сураган эмеспиз. Биздин каттар маалыматтардын борборлоштурулган базасын түзүү үчүн жиберилген”, — деди Анарбаев.

Количество просмотров: 26