• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Транспорт жана турак жай салыгынын суммасын Салык кызматынын сайты аркылуу эсептөөгө болот

18 Баш оона 202013:30 Бишкек Govori.TV

Жарандар Мамлекеттик салык кызматынын www.sti.gov.kg сайтындагы электрондук калькуляторду пайдалануу менен транспорт жана кыймылсыз мүлк салыгынын суммасын өз алдынча эсептей алышат.

Сайттын башкы баракчасында “Электрондук кызматтар” тиркемесинин ичинде “Электрондук жардамчы жана калькулятор” бөлүгү жайгашкан. Ушул бөлүмдүн ичинде “Кыймылсыз мүлк объектисине эсептөөлөр” жана “Кыймылдуу мүлк салыгын эсептөө” шилтемелери бар.

Керектүү шилтемени ачып, тийиштүү уячаларга кыймылдуу мүлк же кыймылсыз мүлк объекттери боюнча тиешелүү маалыматтарды киргизүү керек, андан кийин “салыкты эсептөө” кнопкасын басуу зарыл. Программа автоматтык түрдө төлөнө турган салыктардын суммасын берет.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 1-сентябрына чейин транспорт каражаттарына салыкты, 2-сентябрга чейин – турак үй, батир (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган) жана жер салыгын (короо-жай жанындагы, бактуу-чарба жер участоктору) төлөө зарыл.

Салыктарды каалаган банк мекемесинин кассаларынан, почта бөлүмдөрүнөн, ошондой эле төлөм жана POS-терминалдар, мобилдик жана интернет-банкинг, төлөм карталары же башка перифериялык орнотмолор аркылуу төлөөгө болот.

Кеңири маалыматты 1240 номери же www.sti.gov.kg сайты аркылуу алууга болот.

Кыймылсыз мүлк объектисине салыкты эсептөө

http://ws2.sti.gov.kg/PropTax/Immovables.aspx

Кыймылдуу мүлк салыгын эсептөө

http://ws2.sti.gov.kg/PropTax/Tax_Group4.aspx
Количество просмотров: 134