• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Президент Россиянын Тышкы чалгындоо кызматынын директору Сергей Нарышкинди кабыл алды

22 Жетинин айы 2022 21:59 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-ноябрда, Россия Федерациясынын Тышкы чалгындоо кызматынын директору Сергей Нарышкинди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма-сөз кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, коопсуздук тармагындагы кыргыз-орус кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы Сергей Нарышкиндин Кыргыз Республикасына сапары жемиштүү болоруна, ал эми эки өлкөнүн компетенттүү органдарынын ортосунда жетишилген макулдашуулар ар дайым стратегиялык мүнөзү, өзгөчө өз ара түшүнүшүү жана толук ишеним менен айырмаланып келген кыргыз-орус мамилелеринин мындан ары да чыңдалышына өбөлгө түзөөрүнө ишенимин билдирди.

Садыр Жапаров белгилегендей, эки өлкөнүн ортосундагы өнөктөштүктүн жогорку деңгээлин сактоодо улуттук коопсуздук органдарынын кызматташуусу маанилүү роль ойнойт, бул тиешелүү тажрыйба, маалымат алмашууга мүмкүндүк берет жана эң негизгиси — аймактагы коопсуздукту жана стабилдүүлүктү камсыздоодо биргелешкен аракеттерди жана умтулууну координациялоого көмөк көрсөтөт.

Сергей Нарышкин өз кезегинде Мамлекет башчысына Россиянын Президенти Владимир Путиндин саламын жана жылуу каалоолорун жеткирди.

Эки өлкө ишенимдүү өнөктөш экенин белгилеген РФнын Тышкы чалгындоо кызматынын башчысы Борбор Азия чөлкөмүндө жана Евразия мейкиндигинде туруктуулук жана коопсуздук эки мамлекеттин бирдиктүү позициясынан көз каранды экенин кошумчалады.

Количество просмотров: 70