• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Өгөй атасы зордуктаган. Таласта 13 жаштагы кыздын кош бойлуу экени аныкталды

18 Бирдин айы 202217:03 Бишкек Govori.TV

Талас облусунда өгөй кызын зордуктаган жаран кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 8-февраль күнү Кара-Буура РИИБне 1982-ж.т. А.Н. арыз менен кайрылган. Анда биринчи никеден төрөлгөн 2009-ж.т. кызын Ж.Т.ны учурдагы жолдошу күч колдонуу менен зордуктап, анын 26 жумалык боюнда бар экенин билдирген.

Аталган факты РИИБнин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Учурда 1977-жылы туулган Көк-Сай айылынын тургуну шектүү милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, Кара-Буура РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө кызматы тарабынан тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Количество просмотров: 1250