Өлкө боюнча жалпы 14 кош бойлуу аял коронавирус илдетине кабылган. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
«Алардын баары атайын колдонмолордун негизинде тиешелүү дарылануудан өтүп жатат. Бирок балдарынан коронавирус катталган жок. Ошондой эле илдетке кабылган 112 бала дарыланып жатат. Алардын айрымдары сакайып, ооруканадан чыкты», — деп билдирди Үсөнбаев.