• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Өгөй атасын өлтүрүүгө шектелип 26 жаштагы жигит кармалды

17 Жалган куран 2020 15:30 Бишкек Govori.TV

Өгөй атасын өлтүрүүгө шектелип 26 жаштагы жигит кармалганын Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө 16-мартта саат 08:33төр чамасында Кара-Жыгач айылындагы жолдун боюнча эркек кишинин жансыз денеси жаткандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барып, азият түспөлүндөгү 40-45 жаштагы эркек кишинин сөөгүн табышкан.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 13-берене (Адам өлтүрүү) боюнча каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Соттук экспертизанын жыйынтыгы боюнча эркек кишинин баш сөөгү жабыркап, кабыргалары сынган жана ал муунтулганы аныкталган.

Кийинчерээк милиция каза болгон жарандын өздүгүн такташкан. Ал Чүй облусунун Ысык-Ата районунун 51 жаштагы Н.С., аттуу тургуну болгон.

Ыкчам-тергөө иш-чараларды өткөрүү учурунда шектүү катары буга чейин соттолгон 26 жаштагы Ж.Д., аттуу жаран кармалган.

Алдын ала маалымат боюнча, маркум шектүүнүн өгөй атасы болгон.

Шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Количество просмотров: 360