• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Өгөй атасын өлтүргөн шектүү кармалды

14 Жалган куран 202511:13 Бишкек Govori.TV

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, 20-февралда милицияга Чүй районунун тургуну кайрылган.

Арыз ээсинин айтымында, 2024-жылдын 2-ноябрында анын жарандык никеде күйөөсү А.К. үйдөн чыккан боюнча кайрылып барган эмес. Эркек киши издөөгө жарыяланган.

«12-мартта Токмок—Лесхоз—Кегети жолунун чыгыш тарабынан анын сөөгү табылган. Сөөктө күч колдонуунун белгилери болгон. Аталган факт КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен каттоого алынып, шектүү катары 1996-жылы туулган Н.А. жана 1997-жылы туулган К.Ы. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Маркум Н.А. аттуу шектүүнүн өгөй уулу, ал эми К.Ы. болсо Н.А.нын досу болгон. Окуя ноябрда болуп, анда жигит өгөй атасы менен чатакташып, досу экөө маркумду токмоктоп салышкан. Кийин алар анын колу-бутун байлап, «Хендай Соната» унаасынын багажына салып, Кегети капчыгайынын аймагына алып барып, денесине жаракат келтиришкен. Жыйынтыгында эркек киши ошол жерде жан берген. Шектүүлөр маркумдун денесин таштар менен бастырып, качып кетишкен», — деп жазылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 207