• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Өгөй кызын зордуктоого шектелген жаран камакка алынды

23 Бештин айы 20209:17 Бишкек Govori.TV

15 жаштагы кызды зордуктоого шектүү адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу жактоочу  Шердор Абдыкапаров билдирген.

Анын айтымында,  21-декабрда Токмок шаарынын прокурору ага телефон чалып, жабырлануучунун чоң энесинин үйүнө келүүсүн суранган.

«Мен келип, биз баарыбыз милицияга чогуу бардык, ал жерде чоң эне кыздын өгөй атасына каршы көрсөтмө берди»,- деди ал.

Адвокат кошумчалагандай, зордуктоого шектүү 48 саатка камакка алынды.

Буга чейин Токмок шаарынын 15 жаштагы тургуну эки жылдан бери өгөй атасы тарабынан зордукталып келгенин айткан.

Количество просмотров: 67