“GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында тренинг өткөрдү. Ага өлкөбүздүн 7 дубанынан алдыңкы айымдар келген. Алардын бири Гүлбарчын Мамытбекова.
Мамытбекова Нарын облусундагы Баетов айылынан келген. 24 жылдан бери мектепте мугалим. Кесиби боюнча журналист. 3 баланын апасы. Социалдык көйгөйлөрдү чечип, үй шартта жардамга муктаж жана мигранттардын балдарына байланыштуу иш алып баргысы келет.
«Өзүмдү өзгөртүү менен чөйрөмдү, айылымды өзгөртсөм дейм. Акырындык менен бийиктиктерге жетишип, эне катары жана жаран катары өз айылыма салым кошоюн деген максат койдум. Эл менен бирге кандай маселе болбосун чече алам»,-дейт Мамытбекова.