Алай районунун Гүлчө айыл өкмөтүнүн кире беришиндеги арка пайдаланууга берилди.
«Арканын курулушу 2017-жылы башталып, 2018-жылы каражат жоктугунан токтоп калган. Быйыл ЖК депутаты У. Примов тарабынан 9 миллион сом бөлүнүп, арка толугу менен курулуп, пайдаланууга берилди. Анын бийиктиги 20 метрди түзөт», — деп айтылат маалыматта.
Кошумчалай кетсек, арканын ачылышы биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Жогорку Кеңештин депутаттары, райондун акими Замир Молдокулов жана жергиликтүү тургундар катышышкан.