• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Гүлнара Баатырова Саламаттык сактоо министрлигинин жамаатына тааныштырылды

23 Баш оона 202216:58 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Саламаттык сактоо министрлигинин жамаатына жаңы жетекчи Гүлнара Баатырованы тааныштырды.

Министрлер Кабинетинин башчысы белгилегендей, саламаттык сактоо министри кызматына дайындоо үчүн Гүлнара Баатырованын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашууга киргизилет.

19-августта президенттин жарлыгы менен Алымкадыр Бейшеналиев саламаттыкты сактоо министри кызматынан бошотулган. Гүлнара Баатырова буга чейин Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык аккредитациялоо боюнча комиссиясынын төрагасы болгон жана президент тарабынан сунушталып, БШКнын мүчөсү болгон.

Количество просмотров: 554