• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Министр: Баткенде 16 медициналык бригада иштеп жатат

19 Аяк оона 202217:55 Бишкек Govori.TV

Баткенде үзгүлтүксүз медициналык жардам көрсөтүү максатында ар кандай профилдеги 16 медициналык бригадасы иштеп жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова билдирди.

“Бригадага хирургдар, нейрохирургдар, нейротравматологдор, травматологдор, көкүрөк-көңдөй хирургдары жана кан-тамыр хирургдары кирди. Мындан башка дагы медициналык бригадалардан резервдер түзүлүп, зарылчылык жаралган учурда Кадамжай, Сүлүктү жана Айдаркенге жөнөтүүгө даяр турат”, — деди министр.

Количество просмотров: 122