• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Дарыгерлердин маянасы, саламаттык сактоодогу көйгөйлөр. Министр Баатырованын маеги

3 Бирдин айы 2023 16:05 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова “Кабар” Кыргыз улуттук маалымат агенттигине берген маегинде президент тарабынан коюлган милдеттердин чечилиши, саламаттыкты сактоо тармагына бюджеттин көбөйүшү, дарыгерлердин айлык акысы, Саламаттык сактоо министрлигинин демилгелери жана башка маселелер тууралуу айтып берди

 Гүлнара Маришовна, өлкөнүн саламаттык сактоо тармагы үчүн өткөн жылга кандай баа бересиз? Кандай көрсөткүчтөрдү жана натыйжаларды белгилейт элеңиз.

— Өткөн 2022-жыл республикабыздын саламаттык сактоо тармагы үчүн жакшы жыл болду. Саламаттык сактоо системасындагы кызмат көрсөтүүлөрдүн жакшыруу көрсөткүчтөрү республиканын калкынын жалпы өлүмүнүн төмөндөшү менен бааланат. 2022-жылдын аягында жашоонун узактыгы бир аз өстү, биз жалпы өлүмдүн санынын туруктуу төмөндөшүнө жетише алдык – 2021-жылга салыштырмалуу өлүмдүн жалпы көрсөткүчү 1,4%га кыскарды. Ымыркайлардын жана энелердин өлүмүнүн олуттуу кыскаргандыгы белгиленди. Алсак, ымыркайлардын өлүмүнүн көрсөткүчү оперативдүү маалыматтар боюнча 7,1%га, энелердин өлүмү 23,4%га кыскарган. Бул жетишкендиктер республиканын саламаттык сактоо системасынын медицина кызматкерлеринин күжүрмөн эмгегинин натыйжасы. Эми биздин милдет — көрсөткүчтөрдү турукташтыруу жана ушул деңгээлде кармап туруу, жылдан жылга төмөндөтүү.

Саламаттыкты сактоо уюмдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча бир топ иштер аткарылды, тез жардам унаалары, санитардык автоунаалар, медициналык жабдуулар сатылып алынды, ооруканаларды куруу жана капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлдү. Ошентип, жыл ийгиликтүү болду деп эсептейм. Ошондой эле быйылкы жылга да пландаштырылган көптөгөн иш-чаралар бар. Президентибиздин, Министрлер Кабинетинин тапшырмасы боюнча биз медициналык кызматтын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана көрсөтүлүп жаткан медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу үчүн бардыгын жасап жатабыз.

 Саламаттык сактоо тармагын каржылоо иштери кандай жүрүп жатат жана быйыл медицина кызматкерлеринин эмгек акысын көтөрүү пландалып жатабы?

— Элдин саламаттыгы социалдык-экономикалык бакубаттуулук менен тыгыз байланышта экенин белгилей кетүү керек. Ошондуктан саламаттыкты сактоо системасын өркүндөтүү биздин Президенттин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин приоритеттуу милдети болуп саналат. 2023-жылга саламаттык сактоонун консолидацияланган бюджети 2022-жылга салыштырмалуу 7062,9 миллион сомго көбөйүп, 38 536,3 миллион сомду түздү.

2022-жылы ооруканаларга 33 тез жардам жана 69 санитардык автоунаа тапшырылып, 96 санариптик рентген аппараты, 5 компьютердик томография алынып келинип, органдарды трансплантациялоо үчүн керектүү жабдууларды сатып алууга бюджеттен 21 миллион сом бөлүнгөн. 1 млрд сом социалдык мааниге ээ болгон рак, вирустук гепатит, кант диабети, омуртка булчуңдарынын атрофиясы, склероз, гемофилия, апластикалык анемия сыяктуу ооруларды дарылоо үчүн дары-дармектерди сатып алууга бөлүнгөн.

Эң кыска мөөнөттө, өткөн жылы жана андан мурунку жылы медицина кызматкерлеринин эмгек акысынын жогорулашы байкалган, эмгек акынын жогорулашы мамлекеттик саламаттыкты сактоо уюмдарынан медицина кызматкерлеринин кетишин бир топ кыскартканын белгилей кетүү керек. Мүмкүн болушунча дарыгерлердин айлыгы акырындык менен көтөрүлөт деп ишенебиз.

— 2022-жылы кайсы жаңы саламаттык сактоо мекемелери пайда болду? Мындай объектилерди быйыл пайдаланууга берүү пландалып жатабы?

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги “Капиталдык салымдар” беренесине ылайык 2022-жылга республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен курулуп жаткан объекттердин Титулдук тизмесине киргизилген муктаждыктардын тизмесин түздү – бардык облустар боюнча 17 объект. Быйылкы жылга карата да тизме түзүлүп, курулуп жаткан объектилердин титулдук тизмесине киргизүү үчүн Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине тапшырганбыз. Мындан тышкары донорлордун жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен 34 760 000 сомго 5 саламаттыкты сактоо мекемеси (4 ФАП жана 1 ҮДТ) курулган. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун ЛОР жана офтальмологиялык бөлүмдөрү пайдаланууга берилди, алар “Ас-Сафа” борборунун колдоосу менен курулду.

Ошондой эле өткөн жылы Бишкек шаарынын Балдар клиникалык тез жардам ооруканасынын жаңы имаратынын курулушуна капсула салынды, жергиликтүү бюджеттин эсебинен №1 ҮМБнын филиалы ж.б. курулууда.

Быйылкы жылы жаңы ооруканалардын ишке берилишине байланыштуу айта кетейин, Перинаталдык борбордун жана Кургак учукка каршы оорукананын курулушу созулуп жатканы бардыгыңыздарга белгилүү, февраль-март айларында Кургак учукка каршы оорукананы пайдаланууга берүүнү пландап жатабыз, ал эми жайында Перинаталдык борборду ачабыз.

 Медицина тармагындагы эл аралык кызматташтык кандай өнүгүп жатат.

— Эл аралык кызматташуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ишинин ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Жемиштүү кызматташуунун аркасында система саламаттыкты сактоо уюмдарынын инфраструктурасын жана материалдык-техникалык базасын жакшыртуу үчүн зарыл болгон инвестицияларды тартууда, ошондой эле тажрыйба алмашуу жана кадрлардын сапатын жогорулатуу, жогорку технологиялык медициналык жардамга муктаж жарандарыбызга квота берүү болуп саналат. Учурдан пайдаланып биздин арыздарды карап чыгууга жана колдоо көрсөтүүгө дайым даяр болгон өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрүбүзгө ыраазычылык билдиргим келет. COVID-19 пандемиясынын учурунда биздин өнөктөштөр тарабынан ооруканаларды куруу жана жабдуу, дары-дармектер жана вакциналар менен камсыздоо жагынан ири каржылык жана гуманитардык жардам көрсөтүлдү. Ийгиликтүү кызматташуунун жаркын мисалдарынын бири катары Германиянын өнүктүрүү банкы менен кызматташууну белгилегим келет. Жалал-Абад областында тез жардам бөлүмүнүн курулушу аяктады; Бишкектеги Перинаталдык борбордун имараты ишке киргизүү стадиясында, учурда керектүү медициналык жабдууларды сатып алуу процесси жүрүп жатат. Бишкек шаарындагы Кургак учукка каршы шаардык ооруканасынын курулушу толугу менен бүткөрүлүп, пайдаланууга берүү стадиясында турат. Мындан тышкары, Ош жана Талас шаарларында перинаталдык борборлорду куруу пландалууда.

—​​​​​​​ Алыскы аймактарда жашаган бейтаптар үчүн медициналык жардамдын, анын ичинде жогорку технологиялык медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгү маселеси кандай чечилип жатат?

— Облустук бириккен ооруканаларга компьютердик томографтар сатылып алынды. Мурда мындай болгон эмес. Республикабыздын тарыхында биринчи жолу биз бир нече компьютердик томографтарды сатып алдык, азыркы тапта алар орнотулуп, монополияга каршы жөнгө салуу кызматы менен биргеликте кызмат көрсөтүүлөрдүн прейскуранты бекитилди. Талас облусунда КТ иштеп баштады, башка аймактарда адистерди окутуу жүрүп жатат. Кошумчалай кетсек, ИӨБ долбоорунун алкагында берилген мультидиагностикалык мобилдик клиника алыскы аймактардын калкына акысыз медициналык жардам көрсөтүүдө, ал өз ишин Чүй облусунан баштап, андан соң Ысык-Көл жана Ош облустарына жөнөтүлгөн. Бизде башка дагы мурда сатылып алынган жана аймактарда иштеп жаткан көчмө клиникалар бар. Биз азыр отчетторду топтоп жатабыз, андан кийин бул көчмө клиникалардын өткөн жылдагы ишмердүүлүгү боюнча кеңири маалымат берсек болот.

 Министрлер кабинетинин башчысы балдарга медициналык жардам көрсөтүүнү жакшыртуу боюнча чараларды көрүүнү тапшырды. Педиатриялык кызматты кантип жакшыртууну пландап жатасыз?

— Ооба, Акылбек Үсөнбекович педиатрия кызматын күчтөндүрүү боюнча тапшырмаларды берди, буга байланыштуу бизде педиатрия кызматын өнүктүрүүгө байланыштуу көз караштар бар. Маселен, Бишкекте балдардын стоматологиялык поликлиникасын куруу пландалууда, Ош облусунун Кара-Суу районунда балдар ооруканасын, Бишкек шаарында бардык заманбап жабдуулары менен балдар поликлиникасын куруу пландалууда. Учурда курулушту баштоо үчүн керектүү техникалык документтерди даярдоо иштери жүрүп жатат.

 Өлкөдө гемодиализ алган канча бейтап бар, алардын канчасы мамлекеттин эсебинен диализ алат?

— Бүгүнкү күндө маалыматтар базасынын реестринде 5-стадиядагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооруган 2232 бейтап бар жана 35 саламаттыкты сактоо уюму бюджеттик программа боюнча гемодиализ менен камсыз кылууда, анын ичинде 32 жеке медициналык борбор жана 3 мамлекеттик саламаттык сактоо уюму. 2019-жылдан 2022-жылга чейин Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан гемодиализдин 1 сеансынын акысын төлөө ченеми 4700 сомду түздү. Быйылкы жылдан баштап гемодиализдин 1 сеансы 6500 сомду түзөт.

 Биздин өлкөдө органдарды трансплантациялоону калыбына келтирүү маселеси кандай жүрүп жатат?

— Биздин өлкөдө органдарды трансплантациялоо боюнча кызмат көрсөтүү үчүн мурда Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институту түзүлүп, анда бөйрөктү трансплантациялоо башталган. Акыркы жылдары Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда бөйрөк алмаштыруу операциялары жүргүзүлүп келет, мисалы, өткөн 2022-жылы ал жактагы 35 бейтаптын бөйрөгү ийгиликтүү алмаштырылган. Кыргызстанда жалпысынан 65тен ашык бөйрөк алмаштыруу операциялары өз алдынча жасалган. Эки бейтапка боорду трансплантациялоо аракети ийгиликтүү болгон жок. Бирок, ошого карабастан, мен ойлойм, азыр биз адистерди даярдап алдык, алар Белоруссияда, Түркияда окутулду. Эми трансплантация боюнча ишти кайра баштоого даярбыз, мындан тышкары Президентибиздин жана Министрлер Кабинетинин колдоосунун аркасында бейтаптын жана донордун ткандарынын шайкештигин аныктоого мүмкүндүк берүүчү кымбат баалуу аппарат сатып алуудабыз. Аппараттын баасы болжол менен 21 миллион сомду түзөт. Учурда тендер өттү, келишим түзүлдү. Жакынкы арада аппарат орнотулуп, иштей баштайт. Ошондо биздин республикада дагы органдарды трансплантациялоону ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Буга катар эле трансплантация чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды жаңылоо боюнча иштер жүрүп жатат, мыйзамды жакынкы арада парламенттин талкуусуна алып чыгып, чечим кабыл алууну пландаштырып жатабыз.

 Каракол шаарындагы төрөт үйүндө 1-январдан 15-январга чейин жаңы төрөлгөн 6 ымыркай чарчап калды. Кант шаарында төрөт учурундагы аял каза болду. Комиссия иликтөөдөн кандай жыйынтык чыгарды?

— Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын төрөт бөлүмүндө болгон окуя абдан кейиштүү жана резонанстуу окуя. Бул окуя төрөт үйүндө бардык керектүү медициналык жабдыктар бар, дары-дармектер менен толук камсыз болгонуна, тартыштык болбогонуна карабастан болду. Эксперттик топтун корутундусуна ылайык, төрөт үйүнүн жетекчилигинин жана кызматкерлердин өз милдеттерине жоопкерчиликсиз мамилеси болгон. Апасы баласын 9 ай көтөрүп, анын төрөлүшүн үмүт менен күтөт. Жаңы төрөлгөн баланын өлүмү ата-эне үчүн чоң кайгы. Буга байланыштуу перинаталдык өлүмдү кыскартуу боюнча республикалык комиссиянын көчмө жыйынынын жыйынтыгында бир катар жетекчилер ээлеген кызматынан бошотулуп, бир канчасына сөгүш жарыяланды. Ал эми Чүй облусундагы төрөттөн кийин каза болгон аял боюнча комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен тиешелүү тыянак чыгарылат.

—​​​​​​​ Жаш дарыгер долбоору кандай жүрүп жатат жана министрлик квалификациялуу дарыгерлердин жетишсиздигин, анын ичинде аймактардагы дарыгерлердин жетишсиздигин кантип чечүүнү пландаштырууда?

— Учурда дарыгерлердин, өзгөчө үй-бүлөлүк дарыгерлердин жетишсиздиги байкалууда. Биздин өлкөдө 150гө жакын жаш адистерди камтыган «Жаш дарыгердин депозити» программасы бар. Жаш адистерди аймактарда кармап калуу жана шыктандыруу максатында жергиликтүү администрациялар, акимдер, айыл өкмөттөр менен аларды турак жай менен камсыз кылуу, үй салууга жер бөлүп берүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Колунда кандайдыр бир каражаты бар кээ бир айыл өкмөттөр коммуналдык кызматтарга каражат бөлүп же акчалай жардам көрсөтүп жатышат.

 Гүлнара Маришовна, маегибиздин аягында быйылкы жылдагы пландарыңыз менен бөлүшө кетсеңиз?

Быйыл Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдында өлкөбүздүн жетекчилиги тарабынан коюлган өтө чоң милдеттер турат. Биз өзүбүзгө алдын ала план түзүп койгонбуз жана 2023-жылдын аягына чейин бардык долбоорлорду ишке ашыра алабыз деп ишенебиз. Биздин алдыбызда баштапкы медициналык-санитардык жардамды өнүктүрүү, лабораториялык диагностикалык кызматтарды борборлоштуруу, тез медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу, оорукана системасын жакшыртуу жана рационалдаштыруу, дары-дармек менен камсыз кылуу сыяктуу дагы башка милдеттер турат. Бул менин быйылкы жылдагы акыркы маегим эмес, алдыда дагы сиздердин агенттик менен саламаттыкты сактоо системасындагы ийгиликтерибиз менен бөлүшөбүз.

Количество просмотров: 124