«GOVORI.TV» мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” долбоорунун алкагында уюштуруп келген айымдардын лидерлик дараметин арттырууга багытталган тренинг бул жолу Ысык-Көлдө өттү.
Бул окутуу тренингине өлкөнүн түндүк жергесиндеги 21 лидер айым чогулду. Алардын катарында жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активист жана жеке ишкерлер бар.
Алардын бири Гүлнара Туйбаева мектепке чейинки билим берүү уюмунун жетекчиси. Ал балдардын ден соолугуна кам көрүү багытында түрдүү иштерди аткарып келет.
Ал «Кыйындан» алган билим менен башкаларга да бөлүшө тургандыгын айтып, ар бир адам өзүбүздү өзгөртүү керек экенин белгилеп өттү. Анын айтымында адамдын өзундө өзгөрүү болсо өлкө да өнүгөт.