• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Гүлсүн Чыныбаева: Ата-Журттан жөлөк күткөндөр көбөйдү

16 Жетинин айы 2020 10:28 Бишкек Govori.TV

“GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында тренинг өткөрдү. Ага өлкөбүздүн 7 дубанынан алдыңкы айымдар келген. Алардын бири Гүлсүн Чыныбаева.

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз пайонунан келген Гүлсүн айым райондук аялдар уюмунун төрайымы. Бүгүнкү күндө өз айылында социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө салым кошуп келет.

«Бүт дартыңды өз мойнума алайын, Сен ооруба, мен ооруюн, Ата Журт!»,-деп Алыкул Осмонов айткандай, ал убакта Ата Журтка жөлөк болушса, азыр тескерисинче Ата Журттан жөлөк күткөндөр көбөйүп турат. Биз аялдар биргеликте өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкубуз келет. Келечекте Кыргызстан өнүккөн, тополоң болбогон өлкө болушун каалайм»,-дейт Чыныбаева.

Количество просмотров: 221