• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Гүлзат Мамытбек алдамчылыкка шектелип кармалды

26 Тогуздун айы 202110:37 Бишкек Govori.TV

Блогер Гүлзат Мамытбек алдамчылыкка шектелип камакка алынды. Маалыматты Govori.TVга Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, милицияга 7 жаран кайрылып, жаран А.Г.га (Гүлзат Мамытбек) чара көрүүнү суранышкан. Келтирилген зыяндын жалпы суммасы 110 миң доллардан ашат.

Бул фактылар Биринчи Май РИИБге катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин (Алдамчылык) негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери козголгон.

«Алынган маалымат боюнча, жаран А.Г. 2020-жылдын февраль айынын башында Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткен. 2020-жылдын 13-июлунда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту А.Г. сырттан баш коргоо чарасы Бишкек шаарындагы 1-СИЗОго камакка алуу түрүндө тандалды. 2020-жылдын 8-августунда А.Г. кылмышка шектүүнү издөөгө байланыштуу КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 237-беренесине ылайык убактылуу токтотулган. 2021-жылдын 25-октябрында А.Г. аттуу жаран Кыргыз Республикасына келгенде кармалып, Биринчи Май районунун ИИБнын тергөө кызматына алынып, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык Убактылуу кармоочу жайга киргизилди»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 1844