Бишкек. 22.12.2018. Govori.TV
Өзүн кыргыздын жана бүтүндөй планетанын «деми» атаган Гүлзат Мамытбек буга чейин жакында турмушка чыга турганын билдирген. Көп өтпөй Мамытбектин «сүйүктүүсү» Испаниялык режиссер Хуан Буэндиа экендиги айтылган.
Гүлзат Мамытбек буга чейинки берген маектеринде:
«Болочок жолдошум буюрса Кыргызстанга келет. Ал биздин динди сыйлайт,кадимкидей эле нике кыйдырабыз. Анан тоюбузду Лондондо өткөрөлү деп пландап жатабыз» -деп айткан.
Ал эми бүгүн Гүлзат Мамытбек өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу «сүйүктүүм келди» деп жар салды.
Ал турмушка чыга турганын билдирип, анын ким экени белгилүү болгондон кийин коомчулукта ар кандай пикирлер пайда болгон.