«GOVORI.TV» мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” долбоорунун алкагында уюштуруп келген айымдардын лидерлик дараметин арттырууга багытталган тренинг бул жолу Ысык-Көлдө өттү.
Бул окутуу тренингине өлкөнүн түндүк жергесиндеги 21 лидер айым чогулду. Алардын катарында жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активист жана жеке ишкерлер бар.
Алардын бири Таластан келген жеке ишкер Гүлжанат Раимбекова болду. Ал «Кыйынга» келгеним жеке ишкерлигиме чоң салымын кошту дейт.
«Мен буга чейин интернет булактарын пайдалануу боюнча кайдыгер мамиледе болуптурмун. Мындан ары аларды пайдалануу менен ишимди алдыга жылдырууну максат кылдым», — дейт ал.