• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Галина Байтерек Садыр Жапаровду эмдөө маселеси боюнча түшүндүрмө берди

26 Жалган куран 2021 12:40 Бишкек Govori.TV

Мамлекет башчысынын басма сөз — катчысы Галина Байтерек президенти Садыр Жапаровду эмдөө маселесине байланыштуу түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, лабораториялык кан аенализдеринин изилдөөсүнө ылайык, Садыр Жапаровдо коронавирус инфекциясына каршы антителолор буга чейин бул илдетке кабылгандыктан жетиштүү көлөмдө табылган.

«Дарыгерлердин кеңеши боюнча учурда Президентте эмдөөдөн өтүүнүн кажети жок. Эгерде убакыттын өтүшү менен антителолордун саны жоголсо же сезилерлик азайса, анда Садыр Жапаров коронавируска карата сөзсүз түрдө эмделет», — деп баса белгиледи Галина Байтерек.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 29-мартында Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги өлкөдө коронавирус инфекциясына каршы эмдөөнүн биринчи этабын баштайт. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев биринчи болуп эмдөө алат.

1-этапта эмдөө төмөнкүлөргө пландаштырылууда:

— инфекция коркунучу жогору жана өтө жогору, кызыл зонада, Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда жана Үй-бүлөлүк медициналык борборлорунда иштеген медициналык кызматкерлер;

— тез жардам көрсөтүү кызматынын, оорунун же өлүмдүн оор түрлөрүнө чалдыгуу коркунучу жогору болгон интенсивдүү терапия бөлүмдөрүнүн медициналык кызматкерлери;

— узак мөөнөттүү медициналык адистер жана кызматкерлер;

— билим берүү уюмдарынын, укук коргоо жана коопсуздук органдарынын кызматкерлери.

Эмдөө ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт.

Количество просмотров: 544