• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Гамбург соту Forbes журналына Усмановдун Путин менен байланышы тууралуу маалыматты таратууга тыюу салды

24 Үчтүн айы 2024 11:07 Бишкек Govori.TV

Гамбург соту америкалык Forbes журналына орусиялык миллиардер Алишер Усмановдун президент Владимир Путин менен байланышы тууралуу маалыматты таратууга тыюу салды. Бул тууралуу EU Today басылмасы кабарлады.

Маалыматка караганда, сот Forbes’дун макаласындагы бир нече сүйлөмдү «адамдын аброюна шек келтирген маалыматты таратуу» деп тапты.

Буга чейин Усмановдун адвокаттары Европа биримдиги (ЕБ) миллиардерге санкция салганда Forbes журналынын 2022-жылы жарыяланган макаласындагы ырасталбаган билдирүүлөргө шилтеме кылганын белгилешкен. Алардын айтымында, кеп «Украинага байланыштуу Байдендин санкциясына кабылышы мүмкүн болгон Путиндин олигархтары менен таанышып алыңыздар» деген макаладагы анонимдүү эксперттин «Усманов бир нече жолу Путиндин абийирин жаап, анын бизнес-көйгөйлөрүн чечкен» деген сөздөрү жөнүндө болууда.

EU Today жана РБК басылмалары белгилегендей, сотто Forbes макаладагы анонимдүү эксперттин аты-жөнүн ачыктоодон баш тартып, Усманов Путиндин көйгөйлөрүн чечкен учурлардын мисалдарын көрсөтүп берген эмес.

Forbesдун макаласында мындай мисал катары 2006-жылы Усмановдун «Мегафон» уюлдук операторунун акцияларын сатып алганы көрсөтүлгөн. Анда олигарх Путиндин досу, байланыш министри Леонид Реймандын компаниядагы үлүшү тууралуу коомчулукка белгилүү болуп калгандан кийин анын акцияларын сатып алганы белгиленген. Гамбург соту Forbes’го макаладагы ушул пикирди да таратууга тыюу салды.

Журнал соттун бул чечими боюнча комментарий бере элек. Учурда аталган макала Forbes’дун сайтында өзгөртүлбөстөн мурдагы калыбында эле турат.

Бул Усманов анын Путинге жакындыгы бар экени жөнүндө жазган ЖМКларды сотко берип, утуп чыккан экинчи учур. 2023-жылы августта Гамбург соту австриялык Kurier гезити макаласындагы «Путин Усмановду жакшы көргөн олигархтарынын бири деп атаганы» тууралуу маалыматты далилдей алган жок деген чечим чыгарган. Көп өтпөй Евробиримдик санкциялык тизмеге киргизилген орусиялык миллиардерлерди олигарх деп атабай калган.

Өзбек тектүү орусиялык миллиардер Алишер Усманов дүйнөдөгү бай адамдардын бири. Кезинде Forbes журналы анын байлыгын 14,4 миллиард долларга баалаган.

Количество просмотров: 66