• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Гансини» обсервация кылууга бөлүнгөн акчадан 2,5 млн. сом уурдалганы айтылды

5 Жалган куран 2021 12:49 Бишкек Govori.TV

Аскер прокуратурасы тарабынан «Аскер курулуш» мамлекеттик ишканасынын кызмат адамдарынын коронавирус инфекциясынын алкагында «Ганси» техникалык колдоо борборунун имараттарын жана курулуштарын дарылоо-обсервациялык пунктуна кайрадан жабдууга бөлүнгөн бюджеттик акча каражаттарын өз пайдаларына сиңирип алган фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Текшерүүдө белгилүү болгондой, «Аскер курулуш» мамлекеттик ишканасынын кызмат адамдары курулуш иштерин жүргүзүүдө айрым курулуш ишканалары менен жең ичине сүйлөшүп аткарылган иштердин көлөмүн негизсиз жогорулатып, колдонулган материалдардын жана жабдуулардын баасын атайлап кымбаттатып, аткарган иштери жөнүндөгү актыларга бир эле иштин түрүн кайталап көрсөтүүгө жол беришкендигинин натыйжасында мамлекетке 2 500 000 сомдон ашык зыян келтирилген.

Бул факты боюнча текшерүүнүн материалдары Аскер прокуратурасы тарабынан КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Количество просмотров: 458