• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

«Гавайи» кафесинин күзөтчүсү бычакталып, оор абалда ооруканага жеткирилди

15 Чын куран 2019 12:01 Бишкек Govori.TV

Бишкек.15.04.2019.Govori.TV.

«Гавайи» эс алуучу жайынын күзөтчүсү сабалып катуу абалда ооруканага түшкөн. Бул тууралуу «кактус мэдиа» күч органдарындагы булактары билдиргенин жазып чыкты.

Маалыматта белгилүү болгондой, окуя 14-апрелде «Гавайи» эс алуучу жайында иштеген күзөт кызматынын башчысы болгон. Аны өзүнүн кол алдындагы иштеген кызматкерлер жетекчиликтин буйругу менен сабашкан жана бир нече жолу бычак сайылган.

Азыркы учурда абалы оор экени айтылган.

Количество просмотров: 12